17-ноябрда Астанада Казакстан Республикасында “Мыкты салык төлөөчү” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. “Eurasian Foods Corporation” холдингинин курамына кирген “Eurasian Foods” АК “Мониторингде ири салык төлөөчү” номинациясында мыкты деп табылды.
Сыйлоо аземине өлкөнүн бардык аймактарынан келген салык төлөөчүлөр, ар кандай иш чөйрөлөрүнүн – соода, өнөр жай, курулуш, ири, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү катышты.
Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Жандос Дуйшембиев бизнес-коомчулукту куттуктады. “Салыктык жана бажылык түшүүлөр мамлекеттин пайдубалы болуп эсептелет, алар саламаттык сактоо жана билим берүү жаатындагы маанилүү социалдык программаларды, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну камсыздайт. Урматтуу салык төлөөчүлөр, сиздердин салымыңыздар өтө баалуу”, - деди Жандос Дүйшембиев өз сөзүндө.
“Eurasian Foods” АКнын жеңиши компаниянын жогорку финансылык тартип, ачык-айкын жана сабаттуу бизнес жүргүзүү жана мыйзам ченемдерин сактоо принциптерин жактагандыгын дагы бир жолу ырастады.