Опубликовано: 25.12.2023
Холдинг Шанхайда “China International Import Expо” жана “Food & Hotel China” тамак-аш азыктарынын эл аралык көргөзмолөрүнө катышты

Холдинг казакстандык өндүрүмү экспорттоо үчүн жаңы багыттарды өнүктүрүүнү улантат. Ноябрда Eurasian Foods Corporation Шанхай шаарында дароо эки ири көргөзмөгө катышты.

Кытайдын Индустриялык коммерциялык банкынын (ICBC) колдоосунда Компанияынн өндүрүмү КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусу менен “China International  Import Expo (СIIE)” импорттук товарлардын 6-эл аралык көргөзмөсүнө коюлду.

Ошондой эле Eurasian Foods Corporation адистери “Food & Hotel China (FHC) 2023” тамак-аш азыктарына арналган 26-эл аралык көргөзмөнүн алкагында жеке стендде өндүрүмдүн кеңири ассортиментин тааныштырды.

Shanghai New International Expo Centre жана Shanghai World Expo Exhibition & Convention Center ири көргөзмө комплекстеринде дүйнөнүн 145 өлкөсүнөн келген 5800дөн ашык экспоненттер өз өндүрүмүн көрсөтүштү.

Көргөзмөнү уюштуруучулар келген адамдардын Казакстандын өндүрүмүнө зор кызыгуусун белгилешти.

Eurasian Foods Corporation өлкөнүн экономикасына маанилүү салым кошуу  менен, дүйнөлүк аренада ата мекендик өндүрүштүн өндүрүмүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен сыймыктанат.

news-867 img news-868 img news-869 img