Опубликовано: 24.10.2023
Холдинг Стамбул шаарында “F ISTANBUL” жана “WorldFood” тамак-аш азыктарынын ири эл аралык көргөзмөлөрүндө өз өндүрүмүн сунуштады
Istanbul Expo Center ири көргөзмө комплекстеринде жана TUYAP көргөзмө конгресс-борборунда дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн келген 1500дөн ашык жкспрненттер өз өндүрүмүн көрсөтуштү. Көргөзмөгө 38 000ден ашык мейман, анын ичинде соода тармактарынын өкүлдөрү келген.
Eurasian Foods Corporation адистери Холдингдин өндүрүмүнүн кеңири ассортиментин сунушташты. Компаниянын экспозициясы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген ири ишканалардын, дистрибьюторлордун жана соода тармагынын башка өкүлдөрүнүн чоң кызыгуусун жаратты. Көргөзмөлөргө катышуу казакстандык өндүрүмдү жеткирип берүү чек араларын кеңейтүүгө, Түркиянын аймагына гана эмес, башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн жаңы багыттарды ачууга мүмкүндүк берди.
Башка жаңылыктар