Опубликовано: 29.07.2022
“Eurasian Foods Corporation” АК өндүрүмүнүн коопсуздук менеджменти системасы FSSC 22000 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык сертификатталган
“Eurasian Foods Corporation” АКнын жогорку сапаттуу май-тоң май өндүрүмүн өндүрүүдөгү көп жылдык тажрыйбасы – бул Компаниянын бардык процесстерин туруктуу өнүктүрүүнүн жанга өркүндөтүүнүн жыйынтыгы. Керектөөчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин түшүнүү менен, Холдингдин стратегиялык максаты – өндүрүлгөн бардык өндүрүмдүн азык-түлүк коопсуздугун үзгүлтүксүз жогорулатуу.
Компания тиешелүү процесстердин үстүнөн тынымсыз иштейт:
- • тамак-аш коопсуздугунун бардык талаптарын, анын ичинде Казакстан Республикасынын мыйзамдык-ченемдик талаптарын сактоо;
- • тамак-аш коопсуздугу боюнча керектөөчү жана башка кызыкдар тараптар менен байланыштын сапатын жогорулатуу;
- • кызматкерлердин тамак-аш коопсуздугу боюнча компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
- • башкаруу жана өндүрүш процесстерин өнүктүрүү жана өркүндөтүү ж. б.
Жыйынтыгында “Eurasian Foods Corporation” АК жыл сайын FSSC 22000 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык өндүрүлгөн өндүрүмдүн коопсуздук менеджмент системасы жаатындагы тастыктамасын ийгиликтүү ырастап келет.

Башка жаңылыктар