Опубликовано: 14.12.2022
“EURASIAN FOODS CORPORATION” өндүрүмүнүн таңгактарынын коопсуздугу
“EURASIAN FOODS CORPORATION” Холдингинин ишканаларында өндүрүлгөн өндүрүмдүн гана эмес, ал үчүн колдонулган таңгактоочу материалдын сапатына да туруктуу көзөмөл жүргүзүлөт. Заводдордо кирген чийки заттарды контролдоо жана таңгактоо боюнча адистер иштешет, алар ББ ТР 005/2011 “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” колдонуудагы регламентке ылайык, таңгактоочу материалдарды жеткирип берүүчүлөрдү кылдат текшеришет. Ошондой эле жыл сайын биз EURASIAN FOODS CORPORATION” АКнын бардык өндүрүлгөн өндүрүмү үчүн колдонулган таңгактын коопсуздугун тастыктоо үчүн таңгактоочу материалдын бардык түрлөрү уулуулукка карата сыноодон өткөрүлөт.
Башка жаңылыктар