Опубликовано: 17.02.2022
Eurasian Foods Corporation холдинги Москвада “Продэкспо-2022” тамак-аш азыктарынын 29-эл аралык көргөзмөсүнө катышты

7-февралдан 11-февралга чейин Москвада “Продэкспо-2022” эл аралык көргөзмөсү – Россиядагы жана Чыгыш Европадагы эң масташбуу жана олуттуу тармактык иш-чара өттү, анда Eurasian Foods Corporation холдинги өз өндүрүмүн сунуштады.

100 миң чарчы метр аянтта 73 өлкөдөн келген 2660 экспонент өз өндүрүмүн көрсөттү, анын ичинде 43 казакстандык өндүрүүчүлөр өндүрүмүн сунуштады. Көргөзмөгө 115 өлкөдөн 68 000 адам келди, анын ичинде 120дан ашык ритейлердин өкүлдөрү келген.

“Экспоцентр” АКнын башкы директору Алексей Вялкиндин айтуусунда, “Продэкспо” эл аралык көргөзмөсү азык-түлүк тематикасындагы дүйнөлүк он көргөзмөнүн катарына кирет.

Көргөзмөнүн алкагында 30 тематикалык зал иштеди, анда коноктор дүйнө жүзү боюнча сапаттуу азык-түлүк товарлары жана суусундуктар менен кеңири тааныша алышты.

Eurasian Foods Corporation адистери Холдингдин өндүрүмүнүн кеңири ассортиментин тааныштырышты. Көргөзмөгө коюлган компаниянын экспозициясы дистрибьюторлордун жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген ири чекене сатуучулардын олуттуу кызыгуусун жаратты. Көргөзмөгө катышуу экспорттук багыттарды өнүктүрүүнүн алкагында өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берди. 

Көргөзмөнүн жүрүшүндө компания сапаттуу чийки затты, жабдууларды жана таңгактоо түзүлүштөрүн жеткирип берүүчүлөрдүн базасын толуктады.

Иш-чара тамак-аш өнөр жайындагы дүйнөлүк тренддер жөнүндө билимди тереңдетүүгө, уюштурулган бизнес программасынын алкагында тамак-аш азыктарын өндүрүү жана сатуу чөйрөсүндө бизнести уюштуруу боюнча тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берди.

news-897 img news-898 img news-899 img news-900 img news-901 img news-902 img